Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

“Республика” оппозицияда калды


Парламенттеги “Республика” фракциясы башкаруучу коалицияга кирбейт. Фракция депутаттары бүгүн жыйын куруп, ушундай чечим кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “республикачы” Кенжебек Бокоев билдирди.

Алардын коалицияга кирүү үчүн негизги шарт катары сунуштаган өкмөт башчыны "жумшак рейтинг" менен тандоо ыкмасы башкалардын колдоосуна ээ болбогонуна байланыштуу ушундай чечим кабыл алынды.

Ал эми “Ата-Журт” фракциясы коалиция курамына киреби, жокпу азырынча ачык айтыла элек.

Мурдараак парламенттеги бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ылайык жаңы курамда төрт фракция болору кабарланган. Алар “Ата Мекен”, “Ар-Намыс” жана КСДП экени айтылып, төртүнчүсү тууралуу маалымат берилген эмес.

Жаңы коалиция түзүлгөнү тууралуу бүгүн кечке жуук жарыяланышы күтүлүүдө. (SE\ZB)

XS
SM
MD
LG