Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Грузиялык оппозиционерди белгисиз бирөөлөр сабап кетти


Нугзар Циклаури. 3-июль, 2012
Нугзар Циклаури. 3-июль, 2012
Оппозициялык депутат Нугзар Циклаури бул туууралуу бүгүн журналисттерге сүйлөп, аны уурдап кеткенге аракет кылгандар депутатты сабап салышканын, азыр ооруканада экенин кабарлады.

Циклаури кечээ кечинде үйүнө баратканда үч машине менен келген жети киши аны токтотуп, машинелердин бирине салганга аракет кылган. Ал ошол жерде жардам сурап кыйкырганда башкалардын көңүлүн бурдурганын, ошондо кол салгандар аны сабап, электрошокер менен уруп, качып кеткенин айтты.

Бул окуяны депутат өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатат. Циклаури мурдагы президент Михаил Саакашвилинин "Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын лидерлеринин бири.

XS
SM
MD
LG