Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Мушаррафка мамлекеттик чыккынчылык үчүн расмий айып тагылды


Первез Мушарраф
Первез Мушарраф
Исламабаддагы сотто Пакистандын экс-президентине каршы беш айып окулаары менен Мушарраф алардын бири боюнча да күнөөнү моюнуна албай турганын айтты. Атайын трибунал Мушаррафты “эгер ал бүгүн да сотко келбесе, камоону” буйруган. Мурдагы лидердин соту былтыр декабрда башталган, бирок бир нече угууга ал келбей койгон эле.

“Чыккынчылык” боюнча бул сот иши Пакистандын жарандык администрациясы менен аскерий жетекчилиги ортосунда кагылыш жаратышы мүмкүн деген чочулоо болгон. Первез Мушаррафты 2007-жылкы толкундоолор маалында өзгөчө кырдаал жарыялап, Конституцияны убактылуу иштен чыгарганы үчүн айыпташкан. 2008-жылы бийликтен кулатылган Мушаррафты күнөөлүү деп табышса, ал өлүм жазасына өкүм этилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG