Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Түркиядагы шайлоодо башкаруучу партия ишенимдүү жеңди


Р.Эрдоган Анкарада өзүнүн тарапкерлери алдында сүйлөгөн учурда, 30-март, 2014
Р.Эрдоган Анкарада өзүнүн тарапкерлери алдында сүйлөгөн учурда, 30-март, 2014
Бүгүн добуштардын 98% саналып бүткөндөн кийин түрк телеканалдары премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган жетектеген “Акыйкаттык жана өнүгүү партиясы” 45% добуш менен шайлоодо ишенимдүү жеңгенин кабарлашты. Оппозициялык "Республикалык элдик партияга" 28% добуш тийгени айтылууда. CNN Түрк телеканалы Эрдогандын партиясы Стамбулда жана Анкарада жеңгенин кабарлап жатат, бирок шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыга элек.

"Акыйкаттык жана өнүгүү" партиясынын тарапкери Салих Шекер Анкарадан сүйлөп, шайлоонун жыйынтыгы "Түркия азыр Эрдоганды канчалык колдой турганын көрсөтөт" деди.

"Шайлоонун жыйынтыгы демократиядан кабар берет жана ал акыйкат болду. АК партиясы шайлоо өткөрүүнү талап кылгандарга азыркы жыйынтык менен жооп кайтарды", - деди анкаралык добуш берүүчүлөрдүн бири.

Бул шайлоо кайсы бир деңгээлде премьер-министр Эрдоган үчүн референдум сыяктуу кабыл алынып жаткан. Кечээ кечинде тарапкерлерине сүйлөп жатып, өкмөт башчы ага коррупция үчүн күнөө тагууну каалагандар бул үчүн жооп берээрин айткан.

XS
SM
MD
LG