Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

"Кумтөр" компаниясына карата кылмыш иш козголду


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 28-мартта "Кумтөр Голд Компани" ишканасына карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Былтыркы жылдын декабр айында компания өзүнүн канадалык инвестору "Центеррага" дивиденд түрүндө 200 миллион долларды мыйзамсыз төлөгөн деп айыпталууда. Кылмыш иш "коммерциялык жана башка уюмдардын өкүлдөрү тарабынан кызматтык абалынан пайдалануу" деген берененин негизинде козголду. Тергөө жүрүп жатат.

"Кумтөр Голд Компани" бул боюнча комментарий эртең берилээрин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG