Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Иранда түрмөдөгүлөргө мунапыс жарыяланды


Иранда руханий лидер Аятолла Али Хаменеинин ырайымы менен түрмөдөн 920 адам чыгарылат. Бул тууралуу Иран эртең Ислам республикасынын түзүлгөнүнүн 35 жылдыгын белгилегени жатканда айтылды. Бирок алардын ичинде Бириккен улуттар уюму “саясий себептер менен камалган” деп тапкан 900дөй адам да болору белгисиз. Өлкөнүн руханий лидери быйыл экинчи ирет ушундай чоң масштабда мунапыс жарыялап жатат. Январда ал Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн белгилөөгө байланыштуу 878 адамга мунапыс жарыялаган же өкүмүн жумшарткан.

XS
SM
MD
LG