Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Октябрь райондук сотунда акыйкатчынын Башкы прокуратурага каршы доо арызы каралат


Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Акыйкатчы милиция кызматкерлери тарабынан Наристе Калчаевдин кыйноого алынган фактысына Башкы прокуратура эч кандай чара көргөн жок деп сотко кайрылган. Сот ишти эки жума мурун карай баштап, бирок Калчаевди кармоо жана суракка алуу боюнча протоколдор табылбай жатышына байланыштуу процессти токтотуп койгон.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Саруу айылынын тургуну Наристе Калчаев 7-октябрда Караколдогу митингге катышканына байланыштуу кармалып, кыйноого алынган деп билдирүүдө. Соттук териштирүү 1-апрелде уланат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG