Анда дагы 15 кишиге прокурорлор тарабынан айып коюлуп, соттон тийиштүү жаза мөөнөтү суралат. Бул тууралуу жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев билдирди. Анын айтымында, 1-апрелде айып коюла тургандардын арасында “Альфа”, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчилери, кызматкерлери бар.
31-марттагы соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев жана Данияр Үсөновдун апрель окуясы учурунда киши өлтүрүүлөр боюнча күнөөлөрү далилденди деп, аларды өмүр бою эркинен ажыратууну сурады. (AiT)