Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Орусия Украин чек арасына жакын жерден аскерлерин чыгара баштайт


Германиянын канцлери Ангела Меркел менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө президент Владимир Путин аскерлердин бир бөлүгү чыгарыларын билдирген. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча аскердик машыгуулар аяктары менен мотоаткычтар батальону Ростов облусунан чыгарылат. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жен Псаки бул максатка ылайыктуу кадам болор эле десе, Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер аны кырдаалдын оңоло баштаганынын желаргысы катары баалады.

Орусия Украина менен чектеш аймактарга көптөгөн аскерлерди топтогон. Бул Крымдан кийин Украинанын башка аймактарына да кол салууга алып келет деген чочулоолорду жараткан. (AiT)

XS
SM
MD
LG