Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:57

Оппозиция Ала-Тоо аянтында митингдерди өткөрүүгө тыюу салууну айыптады


Улуттук оппозициялык кыймыл Биринчи май райондук сотунун 1-майга чейин Бишкектеги Ала-Тоо аянтында митинг, пикеттерди өткөрүүгө тыюу салган чечимин Конституцияга каршы келет деп билдирди. "Адам укугун бузган мындай чечимдер Акаев жана Бакиев учурунда кабыл алынып, авторитардык бийликтин күчөшүнө алып келген. Бул ирет да сот бийликтин кысымы менен саясий чечим кабыл алды" деп белгиленген Улуттук оппозициялык кыймылдын билдирүүсүндө.

Биринчи май райондук соту өз чечимин көп жарандардын кайрылуусу жана апрель ыңкылабына байланыштуу бир катар иш-чаралардын өткөрүлүшү менен байланыштырган. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG