Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Барак айылына жардам жөнөтүлдү


Кыргызстандын Өзбекстандагы эксклавы болгон Барак айылынын тургундарына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жазгы талаа жумуштары үчүн материалдык жардам жөнөттү. 31-март күнү барактыктарга 13 тонна минералдык жер семирткич, 2 тоннадан ашуун жүгөрү уругу жана 16 тонна көмүр жеткирилгенин министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Барак айылынын тургундары күйүүчү май жана башка каражаттын жоктугунан жазгы талаа иштерин баштай албай турганын “Азаттыкка” кабарлашкан.

2013-жылдын январында Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавындагы чатактан улам Өзбекстан Баракка алып барчу жолду жаап салган. Андан бери айыл тургундары жумасына эки жолу каттаган кичи автобустар аркылуу гана Ошко келип, азык-түлүк алып кетет.

Тургундар кыйынчылыктан улам үйүн таштап, башка жакка көчүп кетүүдө. Эки жыл мурун айылда 153 кожолук болсо, азыр 35 гана түтүн калган.

Барак айылы Оштун Кара-Суу районуна карайт. (SE)

XS
SM
MD
LG