Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:22

Крым татарларынын мүдөөсү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде угулду


Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде 31-мартта өткөн бейрасмий жыйынга Крым татарларынын ассамблеясынын мурдагы төрагасы Мустафа Жемилев катышты. Литванын БУУдагы элчисинин орун басары Рита Казрагиендин айтымында, Кеңештин мүчөлөрү Крым татарларын тынчсыздандырган маселелер тууралуу түз маалымат алды.

Орусия Крымга аскер киргизип, өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгына таянып аймакты өзүнө кошуп алган. Референдумга Крым татарлары тегиз катышкан эмес.

Орусия жыйынга бойкот жарыялап катышкан жок жана Коопсуздук Кеңеши окуяга калыс баа бергендин ордуна “бир жактуу пропагандага минбар болуп берди” деп билдирди. Казрагиен айым Орусиянын БУУдагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнө Коопсуздук Кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү Крымды Украинага таандык деп билерин айтып жооп берди:

- Коопсуздук Кеңешинин жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын көпчүлүк мүчөлөрү Крым автономиялык республикасын Украинанын бир бөлүгү жана референдум мыйзамсыз болгон деп эсептешет, Украинанын территориялык бүтүндүгүн колдошот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG