Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Малайзиянын “Боинг-777” авиалайнерин издөө уланууда


1-апрелде Кытайдын жана АКШнын аскерий учактары Австралиянын Перт шаарынан учуп чыкты. Алар Перттен 2 миң чакырымдай батыштагы Инд океанынын бөлүгүндө “Боингди” издеп жүргөн сегиз учакка жана тогуз кемеге кошулат.

8-мартта Куала-Лумпурдан Бээжинге учуп чыккандан эки сааттан кийин жоголгон авиалайнерде 239 адам болгон. Алардын 150дөн көбү Кытай жарандары.

Австралия өкмөтү издөө районун 1100 чакырым түндүккө жылдыргандан бери радарлар тапкан жана космостук кемелер чогулткан маалыматтын негизинде деңизден ондогон сыныктар табылган.

Бирок алардын бири да малайзиялык авиалайнерге таандык эмес болуп чыкты.

XS
SM
MD
LG