Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Ошто тургундар "Тазалык" ишканасына 40 миллион сом карыз


Ош шаарынын тургундары “Тазалык” ишканасына 40 миллион сом карыз. Бул тууралуу аталган муниципалдык мекеменин жетекчиси Талантбек Капаров билдирди. Анын айтымында, айрым кожолуктардын карызы 10 миң сомго чейин.

- Карыздарды сот аркылуу өндүргөнү жатабыз. Калаада 500 миң калк жашайт. Биздин каттообузда 161 миң гана абонент бар. Абоненттерди да кайра каттоо аракетин көрүп жатабыз,- дейт Капаров.

“Ош тазалык” мекемеси шаардан жумуш күндөрү 600-700 куб, ишемби-жекшембиде 1000 кубга чейин таштанды чыгарат. Ишканада 137 кызматкер, 29 техника бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG