Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:27

Крым татарлары жаңы өкмөткө шарт койду


Крым татарлары түзгөн өкмөт Крымдын жаңы өкмөтүнө киргенге макул болду. Бирок Крымдын Мажилиси 1-апрелде кабыл алган чечимде татарлар Орусиянын жарым аралды өзүнө кошуп алуусуна ынана албаганы белгиленет. Чечимде Ленур Исмаилов Крымдын премьер-министринин орун басары, Заур Смиронов Эл жана көчүрмө кылынган жарандар комитетинин төрагасы болору көрсөтүлөт. Межилис Крым татарларынын “макулдугу жок жүргүзүлгөн саясий, мыйзамый, экономикалык жана башка өзгөрүүлөрдү тааныбайт” деп айтылат. Бул документте жазылганга караганда, Мажилис эки аптадан кийин Крым өкмөтү менен кызматташуу жагын кайра карап көрөт. Крым татарларынын көпчүлүк бөлүгү Орусияга кошулуу боюнча 16-мартта болгон референдумга бойкот жарыялап, катышкан эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG