Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Расмуссен: НАТО Украинаны колдой берет


Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлери Украинадагы жагдайды талкуулашууда. Бул НАТОго мүчө 28 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин Орусия мартта Крымды аннексиялап алгандан берки биринчи жыйыны.

Дипломаттык булактардын айтымында, министрлер альянстын Чыгыш мүчөлөрүнүн аймагында аскерий машыгууларды өткөрүү жана көбүрөөк аскер жөнөтүү мүмкүндүгү сыяктуу түрдүү маселелерди сүйлөшөт, Орусия менен аскерий кызматташууну карап көрөт жана Украинанын куралдуу күчтөрүнө жардам сунуш кылынат деп боолгонууда. Жыйынга Украинанын тышкы иштер министри Андрей Дещица да катышууда.

НАТОнун баш катчысы Андрес Фон Расмуссен 1999-жылдан бери альянстын үч жолку кеңейүүсүнө арналган башка бир жыйында сүйлөп, Украинадагы кризис Европадагы жаңы бөлүнүүгө алып барышы мүмкүн экенин айтты:

- Азыр Украинадагы кризистин жаңы бөлүнүү линиясын жаратуу коркунучу бар жана ал (кризис) жаңы Европа түзгөн баалуулуктар: территориялык интеграция, эл аралык мыйзам жана төбөлсүз мамлекеттин өз келечегин тандоо укугу сыяктуу принциптерине шек туудурат. Биз бул принциптерде туруп, Европада эркиндикти, тынчтыкты жана туруктуулукту жайылтканга жардамдаштык. Биз мурдагы бөлүнүүдөн айрылып, муундарга созулган жаңжалдарды жеңдик. Биз ошон үчүн Украинаны колдой беребиз,- деди Расмуссен.

XS
SM
MD
LG