Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:28

Ирандын БУУдагы жаңы өкүлүнө Тегеранда барымтага алынгандар каршы чыгышты


Иранда барымтага алынган Кошмо Штаттардын элчилигинин мурунку кызматкерлери Ирандын Бириккен улуттар уюмундагы жаңы элчисине Кошмо Штаттарга виза ачпоону талап кылышты. Алар жаңы элчи Хамид Абуталеби 1979-жылы АКШнын элчилигин басып алган студенттик уюмдун мүчөсү болгон дешүүдө. “Имамды ээрчиген мусулман студенттеринин” тобу АКШнын элчилигине чабуул жасап, 444 күн бою 52 америкалыкты барымтада кармап турган. Хамид Абуталеби Ирандын Австралия, Белгия, Италия жана Европа Биримдигиндеги элчиси болгон. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG