Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:59

ӨКМ барактыктардын жүгөрүсүн Кыргызстанга өткөрүп берди


Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өзбекстандагы Барак кыргыз анклавынын дыйкандары өстүргөн жүгөрү жана буудайды чек арадан алып чыгарып берди. Сегиз оор жүк ташуучу унаа кечээ 96 тонна жүрөгү жана 13 тонна буудайды Кыргызстандын аймагына өткөрүп бергенин бүгүн ӨКМ кабарлоодо. Учурда 5 унаа Кызыл-Кыя шаарында, калган 3 унаа Ош шаарында турат.

Өзбекстандын ичинде калган кыргыз айылы Баракка ушундай эле жардам кыргыз өкмөтү тарабынан өткөн жумада да көрсөтүлгөн болчу. Эми дыйкандар өстүргөн данын бул жактан сатып өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG