Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:46

Ошто кумсалардын жыйыны үзгүлтүккө учурады


Ош шаарында бүгүн ЛГБТ коомчулугунун мүчөлөрү үчүн уюштурулган семинар калаадагы активист жаштар тарабынан токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” жыйынга каршы чыккан активисттердин бири Сонунбек Жунусбаев билдирди.

Анын айтымында, “Ош нуру” мейманканасында гей, лесбиянкалардын укугуна арналган талкуу болмок. Аны ЛГБТ уюмдары өткөрүп жаткан. Жыйын тууралуу интернеттен билген жаштар тобу мейманкага барып, талкуу өткөрүүгө тыюу салышкан. Уюштуруучулар алардын айтканына макул болуп, семинарды токтотушкан.

Азырынча уюштуруучулардан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG