Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топ ишин баштады


Баткен шаарында бүгүн кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча эки тараптуу жумушчу топ иштей баштады. Жолугушуу жана талкуулар жума соңуна чейин уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бул комиссия иш баштаар алдында 11-январдан бери жабык турган чек аралар толугу менен ачылган.

Кыргызстан менен Тажикстан миң чакырымдай чектешет. Анын 400 чакырымдан ашыгы тактала элек.

Андай аймактардын дээрлик баарында Баткен облусундагы калктуу конуштар жайгашкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG