Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:20

Бүгүн аутизм боюнча маалымат таркатуу күнү


Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 2-апрель Аутизмдин кыйынчылыктарын жалпыга маалымдоо боюнча бүткүл дүйнөлүк күн деп белгиленген. Аталган уюмдун Баш катчысы Пан Ги Мун аутизм менен жашаган адамдар да башкалардай эле билим алганга, иштегенге укуктуу экенин калк арасында кеңири маалымдоо керек деди. Ошентсе да көптөгөн өлкөлөрдө мындай мүмкүнчүлүк дээрлик жок.

- Аутисттер коомдо бөлүнүп, укуктары тебеленип келет. Аутист балдарды кадыресе мектептерге киргизүү менен биз аларга карата сый-урмат кылганды үйрөнөбүз. Мындай оору менен жабыркагандарды басынтпашыбыз керек. Алар үчүн атайын жумуш орундарын таап, коомго аралашып кетүүсүн камсыздашыбыз зарыл, - деди БУУнун баш катчысы.

Кыргызстанда да аутист балдардын башын бириктирген атайын мектеп бар. Бирок буларга тийиштүү билим берүүчү адистердин жоктугу айтылып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG