Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

НАТО: Орусия Украинадагы аскерий максатына 3-5 күндө жете алат


НАТОнун жогорку аскерий командачысы эгер Москва Украинага аскерий сокку жасай турган болсо, өз максатына үч-беш күндө жетүүгө кудуреттүү деп билдирди. НАТОнун Европадагы жогорку биргелешкен күчтөрүнүн командири, АКШнын аскер аба күчтөрүнүн генералы Филип Бридлав "Рейтер" агенттигине жана The Wall Street Journal гезитине сүйлөп жатып орус-украин чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу билдирди.

Түндүк Атлантика аскер альянсы түндө аз сандагы орус күчтөрү чек арага жакындап, Москванын аскерлери казармаларына кайтпаганын байкаган. НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери генерал Бридлавга 15-апрелге чейин альянстын Чыгыш Европадагы күчтөрүн чыңоо планын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

XS
SM
MD
LG