Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Янукович: Крымдын аннексиясы – трагедия


Украинанын мурдагы президенти мындай билдирүүнү Орусиянын "Дождь" телеканалы аркылуу жасады. Виктор Янукович Кара деңиздеги жарым аралдын Украинадан бөлүнүшүнө макул эместигин, эгер ал бийликте болсо Крымды аннексиялоону болтурбоого аракет кылмактыгын айтты. Бийликтен четтетилген украин жетекчиси орус президенти Владимир Путинди Крымды Украинанын аймагына кайра кошуунун шарттары боюнча талкууга ынандыруу аракетин көрөрүн эскертти. Янукович 25-майда Украинада өтө турган президенттик шайлоону мыйзамсыз деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG