Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Европа парламенти орус чиновниктерине санкция киргизди


Шаршемби күнү юрист Сергей Магнитскийдин өлүмүнө байланыштуу парламент тарабынан кабыл алынган чечимдин юридикалык күчү жок. Бирок ал Европа Кеңешине Орусиянын 34 кызматкерине виза ачпоону жана финансылык активдерин тоңдурууну сунуштайт. Хермитаж Капитал фондунун юристи Сергей Магнитский 2009-жылы тергөө абагында каза болгон. Өткөн жылы соттук териштирүүдө Магнитский салыктарды жашыргандыгы боюнча күнөөлүү деп табылган. Адвокаттар жана маркумдун жакындары Магнитский жазыксыз жерден кылмыш жообуна тартылган деп билдирүүдө. Алар Магнитский Орусиянын бюджетинен ири суммада акча уурдоолордун бетин ачкандан кийин абакка отургузулган дешүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG