Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

НАТО Орусияны Украина боюнча эскертти


Баш катчы Андерс Фог Расмуссендин айтымында, эгерде Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин да Украинанын ички ишине кийлигишсе, анда ал “тарыхый катачылык” кетирет. Мындай пикирин ал НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынында шаршемби күнү билдирди. Ал Орусиянын аскерлеринин Украинанын чек арасына жакын жерге чогулушу олуттуу тынчсыздануу жаратат дейт:

- Орусиянын бул күчтөрү өтө катуу күжүрмөн даярдыкта турат. Бул чын эле олуттуу тынчсызданууну жаратат. Эгерде Орусия Украинанын ишине дагы кийлигише турган болсо, аны тарыхый катачылык деп буйдалабай атай алам.

НАТО Орусия менен жарандык жана аскердик кызматташуусун токтотконун жана Чыгыш Европада коопсуздукту бекемдээрин шейшемби күнү жарыялады. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТОнун мындай чечими олуттуу тынчсыздануу жаратканын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG