Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Оторбаев: Орустар менен “Манас” меморандумуна кол койгонум чын


Премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев Орусиянын “Роснефть” компаниясы менен “Манас” аэропорту боюнча кызматташуу меморандумуна кол койгону чын экенин бүгүн парламентте билдирди. Бирок ал меморандум эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес экенин, “Манас” аэропорту стратегиялык объект болгондуктан ал боюнча чечим кабыл алууга Жогорку Кеңештин гана укугу бар экенин айтты:

- Биз аэропортко инвестор тарткыла деп тапшырма бергенбиз. Кызматташуу ниетин 8 компания билдирди. Алардын арасында “Роснефть” да бар. “Манас” стратегиялык объект болгондуктан ал боюнча чечим кабыл алууга өкмөттүн укугу жок. Парламент чечет.

Оппозициячы депутат Кенжебек Бокоев меморандумга Жогорку Кеңештин макулдугусуз кол коюлганын айыптап, “Сиз соода жүргүзүп жатасыз” деп Оторбаевди сындады. (RK)

XS
SM
MD
LG