Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Оштун жылуулук ишканасын УКМК текшерүүдө


Ош шаардык «Жылуулук берүү» мекемесинин жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн текшерүү жүрүп жатат. Алар “каражатты мыйзамсыз коротту” деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.

Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, мекеменин 1 млн сомдон ашык каражаты сыйлык ыйгарууга жумшалганы, сатып алууларда бааны ашыкча көрсөтүү менен мамлекеттин акчасы сарамжалсыз коротулганы аныкталган.

Бул боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат. (YI)

XS
SM
MD
LG