Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Ливан: Сириялык качкындардын саны бир миллиондон ашты


Ливанда баш калкалаган сириялык качкындардын саны 1 миллиондон ашты. Бул тууралуу БУУнун Качкындар боюнча агенттиги тараткан маалыматта айтылат. Алар Ливан калкынын төрттөн бир бөлүгүн түзүп, Ливан качкындардын саны боюнча жан башына алганда биринчи орунга чыкты. Күнүнө кошуна өлкөдөн ал жакка 2 жарым миңдей киши жер которот. Башкача айтканда, ар бир мүнөт сайын сириялык бир качкын Ливандын чек арасын кесип өтөт.

Качкындар агенттигинин жетекчиси Антонио Гуттереш “ички проблемаларын чече албай жаткан чакан өлкө үчүн качкындардын агымы чоң проблемага айланганын” белгиледи.

2011-жылдын мартында башталган куралдуу жаңжалдын айынан 9 жарым миллиондой сириялык өз үй-жайын таштап, коопсуз жерлерге кетти. Бул өлкө калкынын дээрлик жарымын түзөт. Ливандан тышкары алар Түркия, Иордания, Ирак, Египет жана башка мамлекеттерде баш калкалоодо.

XS
SM
MD
LG