Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Евразия Экономикалык биримдик келишимине майда кол коюлат


Орусия, Беларус жана Казакстандын президенттери Евразия Экономикалык биримдигин түзүү боюнча келишимге эмки айда кол коюшат. Мындай билдирүүнү бүгүн Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов жасады. Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен жолугушуунун алдында ал ошондой эле 3 мамлекет башчы айдын этегинде Минскте кездешип, майга белгиленген Астана саммитинин күн тартибин талкуулаарын айтты.

Казак баш калаасында болсо лидерлер экономикалык биримдикти түптөө боюнча документке кол коюшмакчы. Үч өлкө тең ошол болочок орток структуранын пайдубалы болгон Бажы биримдигинин мүчөлөрү. Москва калган постсоветтик өлкөлөрдү да ага тартууга далалаттанып, 2015-жылга чейин биримдик Еврошаркетке окшогон блокко айланаарын ырастоодо.

XS
SM
MD
LG