Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Украин коопсуздук кызматы: Киевдеги кан төгүүгө ФСБнин тиешеси бар


Украинанын ички иштер министри Киевдеги демонстранттарга ок ачуу буйругун түздөн түз бийликтен кулатылган президент Виктор Янукович бергенин билдирди. Коопсуздук комитетинин жетекчиси Валентин Наливайченко болсо Майдандагы митингчилерге каршы операцияны пландоого Орусиянын атайын кызматы ФСБ катышкан деп айыптады. Орус атайын кызматы дароо бул маалыматты төгүндөдү.

Ага чейин Украина бийлиги “Беркут” деген мурдагы атайын күчтөрдүн 12 мүчөсүн кармаганын маалымдаган. Алар февралда Киевдеги демонстрация маалында куралсыз адамдарга ок аткан деп шектелүүдө.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы билдиргенине караганда, тергөөчүлөр 20-февралдагы кан төгүүнү иликтеп жатат. Ал күнү борбордук аянтта окко учкан 100дөн ашуун киши каза тапкан. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Олег Махницкийдин айтымында, алгачкы иликтөөлөр “Беркуттун” кызматкерлери ошол кездеги президент Виктор Януковичтин буйругу менен ок ачканын аныктады. Бүгүн кечке жуук атайын комиссия Майдандагы адам өлүмү боюнча алдын ала маалыматтар менен таанышмакчы. Ошол окуялар учурунда жоголгон 166 кишинин дайыны белгисиз бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG