Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

“Реформа” партиясы президентке ачык кат жолдоду


“Реформа” саясый партиясы президент Алмазбек Атамбаевди Баш мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарынан чыкпоого чакырды. Партиянын саясый кеңеши жазган кайрылууда “мамлекет башчы стратегиялык ишканаларды Орусияга берүүгө кызыкдар болуп жатат” деп айтылат жана аларды сатууга президент көмөктөшпөшү керектиги белгиленет.

Кайрылууда партия мүчөлөрү негизинен Кыргызстандын эл аралык аэропортторунун акцияларын “Ростнефть” ишканасына сатууга каршы экендиктерин белгилешкен.

Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык “Манас” аэропортун Орусиянын “Роснефть” компаниясына сатуу ылайыктуу экенин март айында жергиликтүү телеканалдардын бириндеги маегинде айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG