Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

"Газпром" Украинага газдын баасын көтөрдү


Орусиянын “Газпром” компаниясы Украинага берген газдын баасын 100 долларга көтөрөт. Апрелден тартып миң куб метр газ 485 долларга сатылмакчы.
Бул чечим жөнүндө орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллердин жолугушуусу маалында айтылды.

Премьер Украинага 2010-жылкы келишимдин алкагында газ боюнча жеңилдиктер берилгенин, макулдашууда ошондой эле Крымдагы орус базасынын жол-жоболору жазылганын, бирок келишим күчүнөн кеткенин белгиледи.

Миллер болсо Киев 2013-жылкы карызын жана азыр берилип жаткан газ үчүн төлөй албай калганына байланыштуу келишим жокко чыгарылганын айтты.

Бүгүн эртең менен ал Украинанын "Нафтогаз" компаниясынын өкүлдөрү менен жолуккан. Миллер анда 2,2 миллиард доллар карыздын дароо төлөнүшүн талап кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG