Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Өзбекстанда үч аял тыңчылык үчүн соттолду


Өзбекстанда үч аял тажикстандын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен түрмөгө кесилди. Түштүктөгү Сурхандарыя облусунун үч тургуну мобилдик телефондору менен Узун жана Сариазия райондорундагы аскердик жана башка жайларды сүрөткө тартып, кийин аларды башка чогултулган маалыматтар менен Тажикстандын жашыруун кызматтарына өткөрүп бергендиги үчүн айыптуу деп табылды. Ал үчүн аларга акча төлөнүп турганы айтылууда. Бир аял 15 жылга, дагы экөө 14 жылга кесилди. Маалыматтарга караганда, үчөө тең сотто күнөөсүн моюндарына алышты. Сот процесси качан болгону белгисиз.

XS
SM
MD
LG