Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

25 украиналык Орусияда кармалды


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын билдирүүсүнө караганда, алар 14-17-март күндөрү Ростов, Волгоград, Тверь, Орел, Белгород, Калмыкия жана Татарстанда чабуул жасоону пландаштырышкан.

НТВ телеканалынын маалымдоосу боюнча, кармалгандар Украинада Виктор Януковичти кулатууга өзгөчө салым кошкон Оңчул сектордун мүчөлөрү, алар ошондой эле Украинанын чек арасына жакын жердеги орус аскердик техникаларын сүрөткө тартуу тапшырмасын Украинанын атайын кызматынан алган. Украина бул маалыматты “жалган” деп төгүндөдү.

Орустар тараптан мындай айыптоо Киевде элди аткандар Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү деген маалымат жарыялангандан кийин чыкты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров аны чындыкка жакын эмес деди:

- Бул маалымат канчалык негиздүү экенин айта албайм. Бирок бери дегенде эле ал эбегейсиз өлчөмдөгү далилдерге каршы келет.

XS
SM
MD
LG