Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Акыйкатчы: Таластагы кырдаал сүйлөшүү жолу менен чечилиш керек


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Бакай-Ата районундагы кен иштетүүгө каршы митингдин катышуучулары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүшү керектигин билдирди.

Омбудсмен кен казуу иштерине байланыштуу өкмөттүн социалдык абалды адаптациялоого багытталган анык бир ыкмасы жок экенин сындап, нааразылык жаралышына ушул себеп болуп жатканын билдирди.

“Эл аралык практика көрсөтүп тургандай, кен казуу жумуштарын баштаар алдында жергиликтүү тургундардын макулдугун алыш керек” деп айтылат кайрылууда.

Акыйкатчы Бакай-Атада болуп жаткан нааразылыкты жеке көзөмөлүнө алганын белгилеп, акцияны күч колдонуу менен эмес, сүйлөшүү аркылуу жайгаруу зарылдыгын айткан.

Талас облусунун Бакай-Ата районунда Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы чыккандардын митинги бейшембиден бери уланууда. Акцияга чыккандар Талас - Тараз жолун бууп турат. Жергиликтүүлөр кенди казуу иштери кишилердин ден соолугуна залакасын тийгизерин айтып жатат.

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кишилер каршылык көрсөтүп жаткан кенде “Алтын - Күмүштак Майнинг” деген казакстандык компания чалгындап жаткан болчу.

Каршылык акциясынан улам өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Шыралжын кениндеги чалгындоо иштерин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. (SE)

XS
SM
MD
LG