Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Таласта жол буугандар зарыл жумушу барларды өткөрө баштады


Бакай-Ата районунда кен казууга каршы Талас - Тараз жолун бууп тургандар кош бойлуу келиндерди, ооруп жаткандарды жана тажияга бараткан кишилерди жолдон өткөрүп жатат. Бул тууралуу окуяга көз салып турган жергиликтүү журналисттер кабарлашты. Нааразылык акциясында 300 чамалуу киши бар. Алар өкмөт өкүлдөрүнүн келишин күтүп турат.

Пикет болуп жаткан аймакка жаңы шайланган вице-премьер-министр Абдырхаман Маматалиев жана ички иштер министринин орун басары Калыкбек Сатыбалдиев жөнөп кеткен.

Таластын Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын тургундары Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы 3-апрелден бери митинг кылып жатышат. Алар кен казуу ден соолукка олуттуу зыян келтирет деген пикирде.

Абалды жөнгө салуу үчүн келген күч кызматкерлери менен акция катышуучуларынын ортосунда бейшемби күнү кечке жуук кагылышуу болуп, 19 милиционер жана 4 акция катышуучусу жабыркаган. Күч органынын эки кызматкери ооруканага түшкөн.

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кишилер каршылык көрсөтүп жаткан кенде “Алтын - Күмүштак Майнинг” деген казакстандык компания чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан болчу.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев каршылык акциясынан улам Шыралжын кениндеги чалгындоо иштерин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган. (SE)

XS
SM
MD
LG