Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Баткен согушунун ардагерлери мамлекеттик колдоого муктаж


Баткен согушунун катышуучулары "Куралдуу күчтөр жана согуш ардагерлери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү өтүнүчү менен келерки жумадан баштап жер-жерлерде кол топтоо башташат.

Бул тууралуу Баткен согушунун ардагерлеринин коомдук бирикмесинин облустук төрагасы Рустам Амиракулов билдирди. Анын айтымында, учурда Баткен окуясында каза тапкан атуулдардын балдарына гана мамлекет миң сомдон жөлөкпул төлөйт. Коммуналдык төлөм жана башка социалдык жардамдар каралган эмес. Ушундан улам коога катышуучулары көмөк көрсөтүүнү суранмакчы.

Баткенде террорчуларга каршы согуш 1999-жылы болгон. Жалпысынын 54 жоокер набыт болгон. Ошол жылы 13-октябрда 3 район, 2 шаарды камтыган Баткен облусу түзүлгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG