Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Маданият кызматкерлери Талиеванын министр болушуна каршы


Искусство тармагында иштеген айрым адамдар бийликти маданият тармагына көңүл бурууга чакырып, аны өнүктүрүү зарылдыгын эскертишти. Ушундай кайрылуу менен бүгүн ырчы Токтобек Асаналиев, төкмө акын Азамат Болгонбаев, режиссер Алтынбек Максутов жана башкалар маалымат жыйын өткөрүштү. Алардын айтымында, соңку жыйырма жылдан бери маданият тармагына жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай келет.

3-апрелде маданият, маалымат жана туризм министри болуп Камила Талиеванын дайындалышы бул тармактагылардын нааразылыгын күчөттү. Алар министрлик кызматка маданият тармагында иштеген, аны жакшы түшүнгөн кишинин келишин суранып жатышат. (BkA\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG