Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Орусия теракт пландаган украиналык 25 киши кармаганын маалымдады


Орусиянын коопсуздук кызматы өлкө аймагында теракттарды даярдап жаткан украиналык 25 киши кармалганын билдирди. ФСБнын маалыматына ылайык, колго түшүрүлгөндөр 14-17-март аралыгында Ростов, Волгоград, Тверь, Орел, Белгород шаарларында, Калмыкия менен Татарстанда кол салууларды пландашкан.

Орусиянын мамлекеттин көзөмөлүндөгү НТВ телеканалы топтун 3 мүчөсү Украин улутчулдарынын башын бириктирген “Оң секторунун” активисти деп кабарлаган. Каналдын ырастоосунда, аларга Украинанын коопсуздук кызматы чек ара аймагындагы орусиялык аскердик жайларды сүрөткө түшүрүү тапшырмасын берген.

Киев бул дооматтарды чекте какты. Кечээ Украинанын коопсуздук кызматы ФСБ февралда Киевде болгон антиөкмөтчүл демонстрациялардын катышуучуларына каршы операцияны пландоого катышкан деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG