Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Талиева: Мага каршы атайын туура эмес маалымат таратылууда


Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган Камила Талиева ага каршы айтылып жаткан пикирлер негизсиз экенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өзүнүн дарегине карата “маданият тармагын жетектөөгө ылайыктуу эмес” деген маанидеги сөздөрдү айрым кишилер атайын таратууда.

- Маданият жагы өнүкпөй турганы эми эстерине түшүптүрбү? Неге мурда айтып чыгышкан эмес? Мен маданият тармагынан алыс адам эмесмин. Дайыма театрга барып турам. Маданий иш-чаралардын сценарийлерин да жазгам. Тогуз-Торонун 80 жылдык мааракесинин сценарийин түнү менен жазып чыккам. Манасты, Семетейди изилдегем. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы боюнча докторлукту коргоюн деп турам. Материалдык болбосо да маданий жактан чоң салым кошкомун бул тармакка",- деди Талиева.

Жаңы өкмөттүн курамында маданият, маалымат жана туризм министри болуп Камила Талиеванын келишине айрым сахна адамдары нааразы болуп, бүгүн маалымат жыйын курушкан. Алар бул тармакты өнүктүрүү үчүн маданиятты түшүнгөн адамды жетекчиликке алып келүү зарылдыгын бийликтен суранышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG