Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Ооганстанда президенттик шайлоо аяктады


Оогандар бүгүн президенттик шайлоодо добуш беришти. Шайлоолор боюнча арыздар комиссиясынын жетекчиси 500дөн ашык ооз эки арыздануу болгондугун билдирди:

– Эл жаанга да, бороон-чапкынга да карабай келип, добуш беришти. Биз муну күткөн эмеспиз. Айрым арыздануулар болду, кеминде 58 арыз түштү. Мындан тышкары 500дөн ашык киши телефон чалып, арызданышты. Көбү Вардак, Парван, Паиса, Кандагардан болду. Биз алардын баарын териштиребиз, - деди Саттар Саадат "Азаттыктын" ооган кызматына.

Шайлоо өкүлдөрү жабылган шайлоо бекеттеринин алдында дагы деле добуш берет элек деп күтүп тургандар бар экендигин билдиришти. Бюллетень жетишпей жана эл көп келгендиктен, добуш берүүнүн мөөнөтү бир нече саатка узартылган эле. Шайлоого байланышкан зомбулукта өлкө боюнча бир кишинин набыт болгондугу кабарланды. Конституция боюнча үчүнчү ирет кайра шайлана албаган президент Карзайдын ордуна сегиз талапкер ат салышты.

Талиптер шайлоону үзгүлтүккө учуратабыз деп эскерткен. Өкмөт коопсуздукту камсыздоо үчүн 350 миңден ашык аскер жайгаштырды. Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн тарыхында биринчи жолу бийлик демократиялык жол менен алмашмакчы. Бирок жыл соңунда чет элдик аскерлер чыгарылгандан кийин өлкөдө туруктуулук сакталары белгисиз.

XS
SM
MD
LG