Бул тууралуу “Азаттыкка” коопсуздук маселелер боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, ишембидеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны Баткен облустук бийлик өкүлдөрү менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери жолугуп, талкуулады. Учурда эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү Ворух-Исфара жолун бууп турган Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушууда. Маматалиев Ак-Сай айылынын тургунун сабаган Тажикстандын жарандары аныкталып, алар камакка алынганын да кошумчалады.
5-апрель күнү кечинде Ак-Сай айылынын тургундары Ворух анклавын Тажикстан менен туташтырчу Ворух-Исфара жолун буушкан. Буга Ак-Сай айылынын жашоочусун коңшу Ворух анклавынын тургундарынын сабап салганы себеп болгон. Жолдун жабылышына нааразы болгон Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары чек арага чогулуп, эки топ кайым айтышып, бири-бирине таш аткан. Натыйжада, аксайлык бир тургундун жана тажикстандык бир жарандын автоунаасы талкаланды.(BkA)