Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Ооган шайлоосуна жогору баа берилүүдө


Ооган президенти Хамид Карзай жана Батыш лидерлери тарыхый шайлоого жогору баа беришти. Кечээги президенттик добуш берүүгө катталган оогандардын дээрлик 60 пайызы катышкандыгы болжолдонууда. Бул шайлоонун жыйынтыгында Ооганстанда биринчи жолу мамлекет башчысы демократиялык жол менен алмашат. Өлкө боюнча бюллетень жетишпеген учурлар катталды, жана жалпысынан тынч өттү. Шайлоо жыйынтыгынын бир нече күндө барып жарыяланары күтүлөт. Карзай шайлоонун «ийгиликтүү» өткөндүгүн билдирди. АКШ президенти Барак Обама шайлоо «оогандардын жоопкерчиликти толугу менен өз колдоруна алышындагы дагы бир маанилүү кадам» болуп калганын билдирди.

XS
SM
MD
LG