Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Ворухтун тургундары: чатак малдан чыкты


Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары баткенчилер менен соңку чатак мал боюнча тирештен чыкты деп ырасташты. "Азаттыктын" тажик кызматы Ворухтун айланасындагы чыр чек арадан мал өткөрүүдөн улам чыккандыгын билдирүүдө. "Озоди" радиосунун маалымат булагы билдиргенге караганда, Ворухтун тургундары азыр аймакта жүргөн Тажикстандын Исфара районунун башчысы Дауржон Закировго кыргыздар мурдараак алардын малын чек арадан өткөрбөй койгондон кийин, алар кечээ 5-апрелде кыргыздардын малын чек арадан жайлоо тарапка өткөрбөй коюшканын айтышкан. Зохиров кечээтен бери кыргыз тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткандыгы кабарланууда. Ворухтун жанындагы Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары ворухтуктар кыргыз жаранын сабап салгандыгын айтып, 5-апрелде жолду буушкан. Бүгүн ортодогу тиреште тараптар бири - бирин ташбараңга алып, эки тараптан бирден машина талкалангандыгы кабарланган.

XS
SM
MD
LG