Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

7-апрелге карата аба ырайы


Чукул эскертүү:

7-апрелден тарта өрөөндөрдө жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт, абанын күндүзгү температурасы өрөөндөрдө 2...7 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.

Аба ырайы:

7-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 2...7,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 2...7,
Баткенде түнкүсүн 0...5 күндүз 3...8,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 5...10,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11,
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 5...10.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Түнкүсүн 2…4 градус, күндүз 5…7 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG