Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Венгрия: Парламенттик шайлоодо Орбан жеңет деп күтүлүүдө


Венгриядагы бүгүнкү парламенттик шайлоодо премьер-министр Виктор Орбан жана анын оңчул ФИДЕС партиясы жеңип чыгат деп күтүлүүдө. Сурамжылоо көрсөткөндөй, ага атаандаш борборчул-солчул биримдик менен ашкере оңчул "Йоббик" партиясы экинчи орунда катарлаш келатышат. Орбан 2010-жылы добуштардын үчтөн экиси менен бийликке келген. Оппозиция аны жарандык эркиндиктерди чектеп, сөз эркиндигин муунтат деп айыпташкан. Бирок ал өлкөнү коммунизмдин саркындысынан арылтып, Европа Биримдиги талап кылган каржылык саясат жүргүзүү үчүн реформа керек деп айткан.

XS
SM
MD
LG