Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Туризмден түшкөн киреше арбыды


Кыргызстанда жылдан жылга туристтердин саны өсүп, аларды тейлөө тармагынын кирешеси көбөйүүдө. Бул тууралуу экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев 31-мартта Жогорку Кеңештеги жыйында билдирди.

Чет элдик туристтердин көбөйүшүн былтыр ондогон, негизинен европалык өлкөлөргө визанын жоюлушу шарттоодо. Сариевдин айтымында, бир эле мезгилде виза режими жоюлган өлкөлөр менен товар агымынын көлөмү өстү. Былтыр Кыргызстанга үч миллиондон ашык турист келген жана аларды тейлөөдөн түшкөн каражат мурунку жылга караганда эки эсеге өскөн. Буга салыштырмалуу, айрым маалыматтар боюнча Өзбекстанга былтыр эки миллиондой турист барган.

XS
SM
MD
LG