Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Аксайлыктар жайлоого тоскоолдуксуз өтүүнү суранышууда


Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары жайлоого чыгууда Ворух анклавынан тоскоолдуксуз өтүүнү камсыздап берүүнү бийликтен суранып атышат. Учурда аймакта ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов тажикстандык кесиптештери менен жолугуп, чыр-чатакты азайтуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүнүн бийлик өкүлдөрү негизинен жаштар арасында түшүндүрүү иштерин өткөрөт.

Тажик тарап менен 6-апрелдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар кыргыз жаранына кол көтөргөн атуулдарын жоопко тартууга убада беришкен.

5-апрель күнү кечинде Ак-Сай айылынын тургундары Ворух анклавын Тажикстан менен туташтырчу жолду буушкан. Буга Ак-Сай айылынын жашоочусу коңшу Ворух анклавынын тургундары тарабынан сабалганы себеп болгон.

Жолдун жабылышына каршылыгын билдирип, Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары чек арага чогулушкан. Эки тарап кайым айтышып, бири-бирине таш аткан. Натыйжада, аксайлык бир тургундун жана тажикстандык бир жарандын автоунаасы талкаланган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жекшембиде жол ачылды. (SE)

XS
SM
MD
LG