Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

“Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы” башталат


Бүгүн Кыргызстанда “Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы” башталат. Анын алкагында ыктыярчылар жана жаштар уюмдары муктаждарга жардам берүү, ишембилик сыяктуу иш-чараларды уюштурат. Балдар жана карыялар үйлөрүнө барып концерттик программалар, белектер тартууланат. Акция эл аралык жаштар фондунун jasa.kg программасынын алкагында ишке ашууда. Ага каржылык көмөктү USAID уюму көрсөтөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” долбоорду ишке ашыруучу уюмдардын бири – Youth of Osh коомдук бирикмесинен кабарлашты.

Кыргызстанда “Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы” үч жылдан бери өткөрүлүп келатат. Быйылкы акция 13-апрелге чейин уланат. (SE)

XS
SM
MD
LG