Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:14

Кара-Сууда сүйлөй албаган өспүрүмдүн жакындары изделүүдө


Милиция сүрөттөгү баланын жакындарын издеп жатат.
Милиция сүрөттөгү баланын жакындарын издеп жатат.
Кара-Суу милициясы сүйлөй албаган өспүрүмдүн жакындарын издеп жатат. 9-10 жаштагы бала 3-апрелде Төлөйкөн айылынын аймагынан табылган. Сүйлөй албаганына байланыштуу кайсы жерде жашаганы жана жакындары тууралуу маалымат алуу кыйын болуп турат.

Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, бала райондогу кулагы укпаган жана сүйлөй албагандардын атайын интернатына тапшырылды.

Бала Marafon деген жазуусу бар спорттук күрмө, кара жемпер, ачык боз түстөгү спорттук шым жана кара ботинка кийип жүргөн.

Өспүрүм тууралуу маалыматы барлар Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгына кайрыла алат. (SE)

XS
SM
MD
LG